Akchabarsearch
    Кыргызстан менен Кытай экономикалык кызматташтыкты талкууды

    Жарыяланган

    2025-10-06, 17:19

    Кыргызстан менен Кытай экономикалык кызматташтыкты талкууды

    Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Жибек жолу коомдук илимдер академиясынын (SRASS) делегациясы жана Кытайдын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

    Жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык делегацияга Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон артыкчылыктуу долбоорлор жана кызматташуунун багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Анын ичинде дары-дармек өндүрүшүнө, туризмге, пахта жана жүн өнөр жайына, ошондой эле «жашыл экономикага» жана калыбына келүүчү энергия булактары боюнча кызматташуу маселеси талкууланды. 

    "Тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоону талкуулашты", - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу