Жарыяланган
2025-17-03, 15:44Кыргызстандын учактарын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Бишкекте сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Евробиримдиктин эксперттери 2006-жылдан бери Кыргызстанга биринчи ирет келишти. Өкүлдөр Кыргызстандын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу үчүн жасап жаткан иштери менен толук таанышкан.
Эми алар өлкодөгү сапарынын негизинде өзүнүн башкармалыгына отчёт берет. Анын алкагында финалдык аудит болуп-болбошу чечилет.