Жарыяланган
2025-06-10, 15:42Учурда өлкө боюнча 283 социалдык объекттин курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Алардын ичинде:145и мектеп, 74 бала бакча, 34 спорт объектиси, 11 саламаттык сактоо объектиси,5 маданият үй,14 административдик имарат курулууда.
Аталган объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин 2025-жылдын эсебинен 126 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Жыл соңуна чейин дагы 100дөй соц. объектинин курулушун бүткөрүү пландалууда.