Akchabarsearch
Учурда өлкөдө канча социалдык объект курулууда?

Жарыяланган

2025-24-09, 17:00

Учурда өлкөдө канча социалдык объект курулууда?

Республика боюнча жалпы 256 социалдык объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Бул долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Алардын ичинде:136 мектеп, 64 бала бакча, 29 спорт объектиси, 11 саламаттык сактоо объектиси, 5 маданият үйү, 11 админстративдик имарат курулуп жатат.

Социалдык объекттердин курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө. 

Белгилей кетсек, жыл башынан бери 122 социалдык объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.
 


Тектеш материалды окуу