Akchabarsearch
Жаңы Достук айылында 181 үй жана социалдык объекттер курулууда

Жарыяланган

2025-19-09, 17:38

Жаңы Достук айылында 181 үй жана социалдык объекттер курулууда

Кыргыз-Тажик чек арасын тактоонун жыйынтыгында көчүрүлө турган айылдардын тургундары үчүн курулуп жаткан Жаңы Достук айылындагы объекттер Курулуш министрлигинин Баткен регионалдык башкармалагы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Жалпы аянты 57 гектарды түзгөн айылда 181 үйдүн курулушунан сырткары социалдык объекттердин да курулушу башталган.

Эске салсак, бул турак жай комплекси Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн курулууда. Ошондой эле бул аймакка Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым тургундары да жайгашат.
 


Тектеш материалды окуу