
Жарыяланган
2026-02-03, 15:232025-жылы өлкөдө өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо боюнча рейд өткөрүлүп, 567 мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Бул иштерге байланыштуу жалпы 3.9 млн сом айып салынып, анын 3.6 млн сому өндүрүлгөн.
Ысык-Көлдө 63 мыйзам бузуу аныкталып, жалпы 335 миң сом айып салынган. Ошондой эле 3 миң 600 метр балык кармаган торлор жок кылынган. Ал эми Соң-Көлдө 98 мыйзам бузуу катталып, 308 миң сом айып салынган. Көлдөн 3 миң 800 метр мыйзамсыз тор алынган.
Жалпы өлкө боюнча 56 миң 900 метр мыйзамсыз синтетикалык балык тору алынган.
Мындан тышкары, Манас эл аралык аэропортунда мыйзамсыз атылган канаттууларды ташып өтүү аныкталып, 265 миң сом доо толугу менен өндүрүлгөн. Ал эми Достук өткөрмө посту аркылуу 200 даана деңиз таш бакасы кармалып, алар Ош шаарындагы зоопаркка өткөрүлдү.
