
Жарыяланган
2026-13-05, 12:13Синтетикалык балык уулоочу торлорду саткан жеке жактарга 10 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 28 миң сом айып пул салынат. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз синтетикалык торлордун жүгүртүлүшүн алдын алуу максатында дүкөндөрдү текшерип, рейддерди жүргүзүп жатат.
Дүкөн ээлерине 2020-жылдын №20 Мыйзамынын талаптары түшүндүрүлүп, синтетикалык торлорду жана электр менен балык кармоочу шаймандарды сатууга, колдонууга жана жайылтууга толук тыюу салынганы эскертилди.
Өзгөчө көңүл балыктардын урук чачуу мезгилине бурулууда. Адистердин айтымында, ушул учурда мыйзамсыз кармалган ар бир балык — келечектеги миңдеген балыктын жоголушуна алып келет.
Рейддердин жүрүшүндө миңдеген метр “өлүм торлору” суулардан чыгарылды. Жыл башынан бери жалпы 46 миң 300 метр тор жана 1 060 кг таштанды тазаланды.



