
Жарыяланган
2026-10-06, 12:19Чүй облусунун тургуну Кемин районунун тоолорунан жапайы жаныбарларга мыйзамсыз мергенчилик кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал эки баш каман, бир баш элик, эки кыргоол, бир кекилик атып колго түшүрү
Кармалган жаран Кемин РИИБине жеткирилген. Ага жаратылышка келтирген зыяны үчүн 212 миң сом айып салынып, аны өз ыктыяры менен төлөп берген.
Ал эми мыйзамсыз колдонуп жүргөн куралы райондук милицияга тапшырылып, 3 жылга мергенчилик кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды”, - деп айтылат маалыматта.



