
Жарыяланган
2026-05-08, 09:22Кыргызстандын Улуттук банкы Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн эки жаранга карата чара көрдү.
Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, алар Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштырып жүрүшкөн. Бул үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы алардын ар бирине 17,5 миң сомдон айып пул салды. Жалпы айыптын суммасы 35 миң сомду түздү.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.



