Akchabarsearch
Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Жарыяланган

2026-13-07, 10:14

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда чыккан өрттөн кийин курулуш иштери убактылуу токтотулуп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Өрт 12-июль күнү саат 17:00 чамасында Сүймөнкул Каралаев көчөсү, 60 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинде катталган.

Маалыматка ылайык, өрт имараттын 12-кабатында ширетүү иштери жүрүп жаткан учурда чыккан. Ал жерде опалубка күйүп кеткен.

Өрт толугу менен өчүрүлүп, жабыркагандар болгон жок.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулушту жүргүзүп жаткан "Кыргыз Каганат" ЖЧКсына курулуш аянтчасындагы коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга 200 миң сом айып пул салынып, аныкталган кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.
 


Тектеш материалды окуу