Akchabarsearch
Бишкекте курулуш талаптарын бузган компанияларга 1 млн сом айып пул салынды

Жарыяланган

2026-30-10, 15:39

Бишкекте курулуш талаптарын бузган компанияларга 1 млн сом айып пул салынды

Бишкекте курулуш объектилерин текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн компанияларга жалпы 1 млн сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин текшерген.

Текшерүү учурунда курулуш иштерин жүргүзүү тартиби, коопсуздук эрежелери жана шаар куруу талаптары сакталбаганы аныкталган.

Текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы төмөнкү беш курулуш объектиси каралды:

- «Мүрөк» спорттук медицина жана реабилитация борбору;
- Арча-Бешик конушундагы Шербет көчөсү, 11 дарегинде курулуп жаткан беш кабаттуу кеңсе имараты;
- Карасаев көчөсү, 128 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй;
- Көк-Жар айылындагы 16-тилкеде жайгашкан тогуз кабаттуу турак үй;
- Панфилов көчөсү, 11 дарегиндеги эмерек салону.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн компанияларга жалпы 1 млн сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Министрлик курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерүү иштери мындан ары да уланарын билдирди.


Тектеш материалды окуу