Akchabarsearch
Кыргызстанда жеке маалыматтарды мыйзамсыз колдонгон компанияларга 140 миң сомго чейин айып пул салынат

Жарыяланган

2026-13-10, 12:17

Кыргызстанда жеке маалыматтарды мыйзамсыз колдонгон компанияларга 140 миң сомго чейин айып пул салынат

Кыргызстанда кардарлардын, кызматкерлердин жана балдардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз колдонгон компанияларга айып пул салынат. Эң жогорку айып пул 140 миң сомду түзөт. Мындай жаза балдардын же өзгөчө корголуучу жеке маалыматтарга байланыштуу мыйзам бузуу экинчи жолу кайталанса колдонулат.

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө» кодекске өзгөртүүлөргө 9-октябрда кол койгон.

Жаңы эрежелер жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого жана башка адамдарга берүүгө тиешелүү. Мисалы, компания кардарларынын маалыматтарын уруксатсыз таратып же аларды коргоо эрежелерин бузса, айып пул төлөйт.

Компанияларга салынуучу айып пулдун өлчөмү төмөнкүдөй:

•    Жеке маалыматтарды туура эмес колдонсо же уруксатсыз таратса — биринчи жолу 65 миң сом, кайталап бузса 120 миң сом.
•    Балдардын же өзгөчө корголуучу жеке маалыматтарды мыйзамсыз колдонсо — биринчи жолу 80 миң сом, кайталап бузса 140 миң сом.
•    Жеке маалыматтарды чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтсө — биринчи жолу 65 миң сом, кайталап бузса 120 миң сом.

Эгер компания жаза алгандан кийин бир жылдын ичинде кайрадан мыйзам бузса, айып пул көбөйөт.

Айып пул жеке адамдарга жана кызмат адамдарына да салынат. Балдардын же өзгөчө корголуучу жеке маалыматтарга байланыштуу мыйзам бузуу кайталанса, жеке адамдар 15 миң сомго чейин, ал эми кызмат адамдары 40 миң сомго чейин айып пул төлөшү мүмкүн.
 


Тектеш материалды окуу