Akchabarsearch
Ортоазиялык кундузга зыян келтиргендерге 20 миң сом айып салынат

Жарыяланган

2026-09-06, 11:50

Ортоазиялык кундузга зыян келтиргендерге 20 миң сом айып салынат

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларга мыйзамсыз зыян келтиргендерге айып пул каралган. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Орто Азия күндузу жана Мензбир сууру үчүн келтирилген зыяндын өлчөмү 20 миң сомду түзөт.

Ал эми индия кирписи, суусар жана чаар күсөндү мыйзамсыз алуу үчүн 10 миң сом айып салынат.

Ошондой эле жейрен, узун ийнелүү кирпи, суу чычкан, жарганаттардын айрым түрлөрү, кичине кош аяк жана Северцов кош аягы үчүн да келтирилген зыян 10 миң сомду түзөт.

 Министрлик жарандарды мыйзамсыз аңчылык фактылары тууралуу 108 ишеним телефонуна кабарлоого чакырды. Маалымат берген адамдын купуялуулугу сакталат.
    
 


Тектеш материалды окуу