Akchabarsearch
Ысык-Көл жана Соң-Көлдөн үч жылга тор менен  балык уулоого тыюу салынды

Жарыяланган

2026-20-07, 14:50

Ысык-Көл жана Соң-Көлдөн үч жылга тор менен балык уулоого тыюу салынды

Президенттин жарлыгына ылайык, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө 2026-жылдын 21-июлунан 2029-жылдын 21-июлуна чейин өндүрүштүк балык уулоого убактылуу мораторий киргизилди.

Маалыматка ылайык, үч жыл ичинде бул көлдөрдө балыктын бардык түрүн өндүрүштүк максатта кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салынат.

Чечимдин максаты — балык запастарын сактоо, алардын табигый көбөйүшүнө шарт түзүү жана көлдөрдүн экосистемасын коргоо.


Тектеш материалды окуу