
Жарыяланган
2026-26-10, 15:142026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн жалпы узундугу 53.9 чакырымды түзгөн 539 даана балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштерин министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн балык уулоочу торлордон тышкары 1.44 тонна ар кандай таштанды чыгарылган.
Тазалоо иштери Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо, балыктарды коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Министрлик жарандарды көлгө таштанды таштабоого жана анын тазалыгын сактоого чакырды.



