Akchabarsearch
    Өлкөдөгү объектилерди оңдоого дээрлик 4.2  млрд сом сарпталды

    Жарыяланган

    2025-05-08, 10:50

    Өлкөдөгү объектилерди оңдоого дээрлик 4.2 млрд сом сарпталды

    Быйыл жарым жылда Кыргызстандагы объектилердин капиталдык жана утурумдук оңдоо иштерине 4 млрд 192.7 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

    Оңдоо иштеринин 40%ы ишкана-мекемелердин, 30%ы жергиликтүү бюджеттердин, 26.4%ы республикалык бюджеттин, 1.9%ы элдин жана кайрымдуулуктан түшкөн акчанын, 1.2%ы чет өлкөлүк грант жана гуманитардык жардамдардын жана 0.5%ы чет элдик түз инвестициялардын эсебинен жасалган. 

    Алты айда 6 миң 267 үй жана батир пайдаланууга берилген. Алардын аянты 779.5 миң чарчы метрге жетет. Ал 2024-жылдын жарым жылына салыштырмалуу 23.9%га көп.

    Пайдаланууга берилген турак жайлардын басымдуу бөлүгү же 82.3%ы Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан.


    Тектеш материалды окуу