Akchabarsearch
    Ноокенде 14 гектар жерге кулпунай тигилет

    Жарыяланган

    2025-05-08, 13:24

    Ноокенде 14 гектар жерге кулпунай тигилет

    Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда "Кенч" айыл чарба кооперативи тарабынан 14 гектар жерге кулпунай тигилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Ал жерге кулпунайдын "альба" жана "клери" сортторунун 700 миң көчөтү отургузулат. 

    Кулпунай талаасында тамчылатып сугаруу системасы колдонулат. Учурда ал жерде пленка тартуу жана сугат түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу