Жарыяланган
2025-05-08, 11:48Айыл чарба министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жыл башынан бери 120 млн 989.6. миң сом каражат тапты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Бул акчанын 61.42 млн сому маяна, 10.6 млн сому Социалдык фондго жана 6.14 млн сому киреше салыгын төлөөгө жумшалган.
Быйыл Веткызмат 200 млн 983.5 миң сом киреше табат деп план коюлган. Учурда ал 60%га аткарылды.