
Жарыяланган
2026-12-05, 17:42Мал базарга алып келинген мал-жандыкта сөзсүз биркасы, чиби жана ветеринардык коштомо документтери болушу керек. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, Ветеринардык кызмат Ноокат районундагы Арал мал базарында ветеринардык-санитардык текшерүү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө 30дай бодо малда биркасы, 15 жылкынын чиби жоктугу аныкталган. Ошондой эле базарга келген малдын 10%ында гана ветеринардык коштомо документтери болгон.
Текшерүү болгон күнү мал базарга 190 баш бодо мал, 270 баш кой-эчки жана 60тан ашык баш жылкы алып келинген.
Ветеринардык кызмат мал ээлерине базарга алып келинген малда биркасы, чиби жана ветеринардык коштомо документтери болушу керектигин түшүндүрүп, эскерткен.



