Akchabarsearch
Суулардан тонналаган таштанды жана 46 миң 300 метр тор чыгарылды

Жарыяланган

2026-12-05, 16:04

Суулардан тонналаган таштанды жана 46 миң 300 метр тор чыгарылды

Кыргызстанда 1-майдан 10-майга чейин экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча 137 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, өлкөнүн көлдөрү менен суу сактагычтарынан дээрлик 9 миң метр мыйзамсыз торлор чыгарылды.

10 күн ичинде суу түбүнөн алынган торлордун көлөмү төмөнкүдөй болду:

•    Ысык-Көлдөн — 3 миң 700 метр; 
•    Токтогул суу сактагычынан — 2 миң 900 метр; 
•    Орто-Токой суу сактагычынан — 500 метр; 
•    Соң-Көлдөн — 300 метр; 
•    Киров суу сактагычынан — 1 миң 500 метр тор жана 300 килограмм таштанды. 

2026-жылдын башынан бери инспекторлор суу түбүнөн жалпы 46 миң 300 метр эски синтетикалык торду жана 1 миң 60 килограмм таштандыны чыгарышты.

Мындан тышкары, суу биоресурстарын коргоо боюнча өткөрүлгөн 36 ири рейддин жыйынтыгында 416 миң 658 сом өлчөмүндө айып пул жана доо өндүрүүлөр салынды.
.

 


Тектеш материалды окуу