Жарыяланган
2025-03-09, 14:34Быйыл жети айда Кыргызстан мамлекеттик карыздын үстөк пайызын төлөөгө 11 млрд сомдон ашык акча сарптады. Бул тууралуу мамлекеттик бюджеттин чыгымдары тууралуу маалыматта айтылат.
Бул сумманын 3.5 млрд сому тышкы карызды төлөгөнгө, ал эми калган 8.16 млрд сому мамлекеттик баалуу кагаздарды боюнча бересени төлөөгө жумшалган.
Мындайча айтканда, акчанын көбү ички карызды төлөөгө кеткен.