Жарыяланган
2025-18-08, 17:13Каржы министрлиги 18-августта эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 392 млн сом карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Буга чейин 15-августта облигация чыгаруу менен министрлик 750 млн сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 18-августка карата Каржы министрлигинин 2 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча дээрлик 7 млрд 207 млн сом бересеси бар.