
Жарыяланган
2026-20-11, 16:54Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын 500 млн сомго көбөйтөт. Мындай чечим 19-ноябрда акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынды.
Уставдык капиталын көбөйтүү үчүн банк 500 миң жөнөкөй акция чыгарат. Алардын ар биринин баасы 1000 сом болот.
Бул акцияларды сатуу менен банк 500 млн тартып, уставдык капиталын 23 млрд 179.55 млн сомго жеткирүүнү көздөп жатат.



