
Жарыяланган
2026-20-11, 15:38Ысык-Көл облусунун Түп районунда көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн 10 гектар жер бөлүндү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, Түп айыл аймагындагы мамлекеттик менчикте турган 10 гектар сугат айдоо жер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулат.
Бул аймакта «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдү курат.
Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



