Akchabarsearch
Түп районундагы Ынтымак айылында 100 млн сомго салынып жаткан мектеп быйыл бүткөрүлөт
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-10-11, 14:30

Түп районундагы Ынтымак айылында 100 млн сомго салынып жаткан мектеп быйыл бүткөрүлөт

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ынтымак айылында 100 миллион сомго салынып жаткан мектеп быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланууда.

Мектеп 150 орунга ылайыкталып, эки кабаттту окуу корпус залы менен салынды. Учурда имараттын ички монтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.
 


Тектеш материалды окуу