
Жарыяланган
2025-04-11, 14:33Ысык-Көл облусунун Түп айылында 275 орундуу заманбап бала бакча курулуп бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Имараттын жалпы аянты 2 миң 927 чарчы метрди түзөт.
Эки кабаттуу объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушка 210 миллион сом жумшалды.
 



