
Жарыяланган
2026-13-11, 17:13Ысык-Көл облусунун Түп районунда акыркы беш жылда 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. Бул мезгилде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашык өскөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 2021–2026-жылдары райондо 128 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын арасында мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана спорттук жайлар бар.
Ошондой эле акыркы беш жылда райондо 193.5 чакырым жол асфальтталган.
Учурда Түп районунда бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында «Күрмөнтү» цемент заводун, Түп ГЭСин жана агрологистикалык борборду куруу бар.


