Жарыяланган
2025-19-05, 15:24Бүгүн Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 9-августтан тарта "Манас" эл аралык аэропортунун үч тамгадан турган FRU коду BSZ болуп өзгөртө турганын кабарлады. Бул жаңылыктан кийин соцтармактарда жарандар эмнеге BSZ деген код тандап алынганы тууралуу суроо салып, кызуу талкуу жүрүүдө. Себеби көптөр өлкөдөгү башкы аэропорт үчүн BSH же ага окшош код болот деп күтүшкөн.
Эскерте кетсек, "Манас" аэропортуна FRU деген код Совет мезгилинде борбор калаа Фрунзе деп аталып турганда берилген. Өлкө эгемендик алгандан кийин борбор калаанын аты өзгөртүлүп, бирок аэропорттун коду ошол бойдон калып келген.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги BSZ коду Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду бөлүштүрүшү менен байланыштуу экенин айтат.
Маселен:
BSH коду Улуу Британиядагы Brighton Airport аэропортуна таандык.
BIS коду Түндүк Дакотадагы (АКШ) Bismarck Municipal Airport аэропортуна берилген.
BSK Алжирдеги Бискра (Mohamed Khider Airport) аэропортуна таандык.
MNS коду Замбиядагы Манса аэропортуна берилген.
KGZ Аляскадагы (АКШ) Glacier Creek аэропортуна таандык.
Мындан улам коддор бош болбогондуктан жана чаташуу болбошу үчүн "Манас" аэропортуна BSZ коду тандалып алынган.
Үч тамгадан турган бул код аэропортторду идентификациялоо үчүн кыска аталыш катарында колдонулат.