Akchabarsearch
    Уран Темирбеков "Улуттук инвестициялык фонддун" башкы директору болду

    Жарыяланган

    2025-19-05, 13:36

    Уран Темирбеков "Улуттук инвестициялык фонддун" башкы директору болду

    Уран Темирбеков "Улуттук инвестициялык фонд" ачык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Дайындоо тууралуу чечимди "Улуттук инвестициялык фонддун" Директорлор кеңеши кабыл алган.

    Буга чейин Уран Темирбеков Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун жетектеген. 

    "Ал аймактарда социалдык долбоорлорду колдоо жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырган", - деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. 


    Тектеш материалды окуу