
Жарыяланган
2026-27-03, 14:04“Манас” эл аралык аэропортуна аэровокзалдык комплекске ыңгайлуу жаңы кирүүчү автожол куруу пландалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Жолго автоматташтырылган жол акы төлөө системасы киргизүү да каралган.
Долбоорду ишке ашыруу маселеси “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин жумушчу жолугушуусунда талкууланды. Тараптар долбоорду даярдоо, ишке ашыруу жүрүшү жана аэропорт аймагындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин карашты.
Жаңы трассанын узундугу болжол менен 1,6 чакырымды түзүп, Бишкек – “Манас” аэропорту магистралынын түштүк тарабынан өтөт. Жол кирүүчү бөлүгү эки тилкеден башталып, автоматтык төлөм шлагбаумдары жайгашкан жерде сегиз тилкеге чейин кеңейет, андан кийин кайра эки тилкеге кыскарып, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайга чейин уланат. Чыгуу жолу да эки тилкелүү болуп, төлөм аймагына жакындаганда алты тилкеге чейин кеңейет.
Кирүү жана чыгуу жолдорунун ортосунда жашылдандыруу каралган. Долбоор заманбап транспорттук инфраструктураны түзүүгө, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга, тыгындарды азайтууга жана жол акысын натыйжалуу төлөө системасын киргизүүгө багытталган.
Азыркы учурдагы жол “Манас-2” аэровокзалдык комплекске кирүү жана расмий делегациялар менен өкмөттүк кортеждерди тейлөө үчүн гана колдонулууда.


