
Жарыяланган
2026-01-10, 14:46Чүй облусундагы Манас – Камышановка жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, Манас – Камышановка жолунун жалпы узундугу 32 чакырымды түзөт. Быйыл анын 10 чакырымын жасоо каралса, учурда бул иштер толук бүткөрүлдү.
Жолдун калган бөлүгү келерки жылы жасалат.
Манас – Камышановка жолундагы асфальт төшөө иштерин №958 Жол эксплуатациялык мекемеси жүргүзгөн.



