
Жарыяланган
2026-26-02, 15:47Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды.
Анын талапкерлигин "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобу көрсөткөн.
Алиевдин талапкерлигине 74 депутат "макул", 3 депутат "каршы" добуш берди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Чыңгыз Ажибаев болчу. Ал өз каалосу менен бул кызматты тапшырып берди.



