
Жарыяланган
2026-04-03, 15:11Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мыйзам долбоорунун максаты тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана аярлуу катмардагы жарандарды эксплуатациядан коргоо экенин белгиледи.
Талкууда депутаттар реестр түзүү, бирдиктүү платформалар аркылуу кымбат дарыланууга муктаж адамдарга жардам көрсөтүү, жашы жете элек балдарды тилемчиликке тартууну токтотуу жана рейддерди жүргүзүү зарылдыгын көтөрүштү.
Жыйынтыгында долбоор биринчи окууда кабыл алынды.



