Жарыяланган
2025-02-10, 15:50«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси ─ MEGA) жана Бишкек шаарынын мэриясы санариптик чечимдерди жана технологияларды өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту.
Иш-чарага мэрдин орун басары Азамат Кадыров, Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Тимур Рыспаев, «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев жана «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Эльнар Субакожоев катышты.
Аталган документ маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүү, санариптик мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча заманбап чечимдерди ишке ашыруу, борбор калаанын тургундары үчүн жеткиликтүү боло турган ишенимдүү кызматтарды түзүүнү карайт.
Шаар калкы тарабынан кеңири колдонулуучу негизги сервистерди MegaPay мобилдик колдонмосунун экосистемасына интеграциялоого өзгөчө басым жасалды. Өнөктөштүк Бишкектин тургундары үчүн санариптик форматтагы бардык маанилүү кызматтарды тез, ыңгайлуу жана ачык-айкын колдонууну шарттайт, болгону экранды бир нече гана жолу басуу жетиштүү болот.
MEGA компаниясынын өкүлдөрү белгилеп өткөндөй, биргелешкен иш-аракеттер шаардыктардын муниципалдык кызматтар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетип, борбор калааны мындан да ыңгайлуу жана технологиялык шаарга айландыра турган заманбап санариптик инфраструктураны түзүүгө өбөлгө түзө тургандыгы бышык.