Akchabarsearch
MEGA компаниясы өзүнүн 20 жылдык мааракесине карата Кыргызстандагы эң ири концерттик тур – “Kyrgyz Tour” иш-чарасын колдоп жатат

Жарыяланган

2026-01-05, 12:07

MEGA компаниясы өзүнүн 20 жылдык мааракесине карата Кыргызстандагы эң ири концерттик тур – “Kyrgyz Tour” иш-чарасын колдоп жатат

MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору өзүнүн 20 жылдыгын жаркын жана укмуштуудай ири масштабдуу түрдө белгилеп жатат. Мааракенин урматына компания өлкөнүн алгачкы ири акысыз гастролдук долбоору – музыка менен миңдеген көрүүчүлөрдү бириктирген “Kyrgyz Tour” долбоорунун өнөктөшү болду.

Турдун алкагында концерттер Кыргызстандагы 7 шаарда өтүп, улуттук деңгээлдеги маанилүү маданий иш-чарага айланат. Конокторду популярдуу артисттердин өнөрлөрү, интерактивдүү зоналар, оюн-зооктор жана MEGAдан белектер күтөт.

Сахнада азыр өлкө боюнча суроо-талапка ээ болуп жаткан жана андан тышкары жерлерде ырлары жаңырып жаткан популярдуу аткаруучулар: Begish, Bayastan, Freeman996, Bakr, Aftok, Era, G-Voo, Jetigen жана AGA-INI өнөр көрсөтүшөт.

MEGA иш-чарага катышууну абоненттери үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү кылды – билеттерди MegaPay мобилдик колдонмосу (App Store жана  Google Play’де  жеткиликтүү) аркылуу акысыз алсаңыз болот.

Эмне кылуу керек:

1. MegaPay колдонмосун ачып, “Kyrgyz Tour” баннерин басыңыз.
2. Персонификациялоо жол-жобосунан өтүңүз (эгер сиз каттала элек болсоңуз же маалыматтарды текшерүүдөн өтө элек болсоңуз).
3. Андан кийин, tiki-tiki.kg сайтында катталыңыз.
4. Бүттү! Билет автоматтык түрдө сиздин жеке кабинетиңизде пайда болот.

Маанилүү: Бир абонент бир гана билет ала алат. Билеттердин саны чектелүү.

MEGA бардык Кыргызстандыктарды Kyrgyz Tour’га кошулуп, музыка, энергия жана биримдиктин жагымдуу атмосферасында компаниянын 20 жылдыгын биргеликте белгилөөгө чакырат.

КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР
 


Тектеш материалды окуу