Akchabarsearch
Нарын районунун Доболу айылындагы тротуарды оңдоого 20 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-01-05, 12:49

Нарын районунун Доболу айылындагы тротуарды оңдоого 20 млн сомдук тендер жарыяланды

Нарын районунун Доболу айыл өкмөтү айылдагы борбордук көчөнүн тротуарын оңдоо жана көчө жарыктандыруу системасын жаңылоо үчүн 20 млн 89 миң сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Сунуштар 25-майга чейин кабыл алынат. Подрядчы ачык жана эки пакеттүү ыкма менен тандалат.

Долбоордун алкагында жеңүүчү компания тротуарларды оңдоо, көчө жарыктарын орнотуу жана тиешелүү инфраструктуралык иштерди аткарат.

Тендерге катышуучулардан окшош көлөмдөгү курулуш иштериндеги тажрыйба, кеминде 30% каржылык камсыздоо, салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу талап кылынат.

Объектке 2 жылдык кепилдик мөөнөтү белгиленген.


Тектеш материалды окуу