
Жарыяланган
2026-30-03, 18:20Талас облусунда быйыл жалпысынан 220 чакырым унаа жолун куруу жана оңдоо пландалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Анын ичинен 61 чакырым жолго каражат бөлүнүп, учурда иш башталды. Калган 160 чакырым жол да быйыл курулуп,оңдолот.
Жол куруу иштери Талас облусунда өтө турган Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата жүргүзүлүүдө. 31-августка чейин иштердин 70–80 пайызын аяктоо пландалууда.



