Akchabarsearch
MEGAдан «Абсолюттук» тариф: «Яндекс Плюс» опциясын кошуп алыңыз

Жарыяланган

2026-29-07, 09:00

MEGAдан «Абсолюттук» тариф: «Яндекс Плюс» опциясын кошуп алыңыз

MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору сунуштаган «Абсолюттук» тарифи – бул чексиз интернет жана байланыш үчүн ыңгайлуу шарттар гана эмес, ошондой эле кошумча санариптик сервистерди да камтыйт. Алардын бири – «Яндекс Плюс» опциясы. Ал тасмаларга жана сериалдарга, музыкага, китептерге, подкасттарга жана Яндекс экосистемасынын башка артыкчылыктарына жеткиликтүүлүк берет.

«Яндекс Плюс» опциясын кошуу менен колдонуучулар «Кинопоиск» сервисиндеги тасмалар менен сериалдарды көрө алышат, «Яндекс Музыка» аркылуу жарнамасыз миллиондогон музыкалык чыгармаларды уга алышат, ошондой эле «Яндекс Книги» сервисиндеги электрондук жана аудиокитептерден пайдалана алышат. Мындан тышкары, жазылуу «Яндекс Go» сервисинде «Комфорт» жана андан жогорку тарифтер боюнча сапарлар үчүн, ошондой эле «Яндекс Еда» сервиси аркылуу берилген буйрутмалар үчүн Плюс упайлары түрүндө кешбэк алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, тарифтин абоненттери ар бир 28 күндө төмөнкү кошумча опциялардын ичинен үчөөнү акысыз тандай алышат:

•    «Бери заряд» – эки сааттан 10 жолу акысыз кубаттоо; 
•    Sun Rent – акысыз старт жана самокаттарды ижарага алуу үчүн атайын тариф; 
•    «Твой заряд» – эки сааттан 10 жолу акысыз кубаттоо; 
•    GameBoost – популярдуу онлайн оюндарда минималдуу пинг; 
•    SocialBoost – социалдык тармактар үчүн артыкчылыктуу интернет-трафик; 
•    MegaGG – киберспорттук турнирлерге катышуу мүмкүнчүлүгү; 
•    START, Wink, MEGOGO жана «Этномедиа» онлайн-кинотеатрлары. 

Ошондой эле «Абсолюттук» тарифинде төмөнкүлөр да камтылган:

•    чексиз интернет; 
•    MEGA тармагынын ичинде чексиз чалуулар; 
•    Beeline жана О! номерлерине чалууларга 67 мүнөт; 
•    MegaTVде 200дөн ашык телеканал; 
•    Wi-Fi аркылуу интернетти акысыз бөлүштүрүү. 

Кошулган опцияларды MegaPay колдонмосу аркылуу башкарууга болот. Зарыл болсо, ар бир 28 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин аларды оңой эле өзгөртүп, өзүңүзгө эң ылайыктуу сервистерди тандай аласыз.

Тарифтин баасы абоненттик төлөмдүн алгачкы алты эсептен чыгаруу мезгилинде 670 сомдун ордуна, 500 сомду түзөт. Андан кийин тарифтин баасы ар бир 28 күн үчүн 670 сом болот.

«Абсолюттук» тарифи менен SIM-карта сатып алган жаңы абоненттер «Күмүш» же «Атайын күмүш» категориясындагы кооз номерди акысыз тандай алышат. Мындан тышкары, «Алтын», «Атайын алтын», «Платина 7500» жана «Платина 15000» категорияларындагы номерлерге (888 кодунан тышкары бардык коддор боюнча) 50% арзандатуу каралган.

«Абсолюттук» тарифи мобилдик байланышты, чексиз интернетти жана популярдуу санариптик сервистерди бир сунушта бириктирип, ар бир абонентке күн сайын керектүү артыкчылыктарды өз алдынча тандоого мүмкүнчүлүк берет.

MEGA — ӨЗҮБҮЗДҮН байланышты танда!

КР МБА лицензиялары: № 14-1133-КР, 18-0326-КР, 18-0303-КР, 15-1446-КР, 16-0090-КР, 18-0261-КР.


Тектеш материалды окуу