
Жарыяланган
2026-01-05, 18:12«Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында ипотеканын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди — эми турак жай менен катар коммерциялык кыймылсыз мүлктү да сатып алууга болот. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эми ипотека соода жайлары, кеңселер жана турак жайлардын ичинде жайгашкан башка коммерциялык объекттерге да берилет.
Коммерциялык жайлардын баасы мамлекет тарабынан борборлоштурулуп белгиленет. Муну Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңеши чечет.
Ошондой эле долбоорлорго жеке өнөктөштөрдү тартуу тартиби жеңилдетилди — эми айрым келишимдер сынаксыз, түз сүйлөшүү жолу менен түзүлүшү мүмкүн.
Программада инфраструктурага байланыштуу да өзгөртүү бар: курулуш учурунда салынган отканалар, трансформаторлор, тазалоо курулмалары сыяктуу объекттер мамлекетке же жергиликтүү бийликке бекер өткөрүлүп берилет. Алардын кийинки тейлөөсү тиешелүү органдарга жүктөлөт.



