Жарыяланган
2025-14-07, 12:40Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Конституциянын 71-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тиешелүү буйрукка кол койду.
Балыкчы шаарынын жаңы мэри болуп Баатырбек Жантаев дайындалды. Бул боюнча дагы тиешелүү буйрукка президент кол койду.
Бар болгону эки жума мурда дайындалган Кермалиев кызматта 14 күн гана иштеди. Анын мындай тез арада кызматтан бошотулушунун себептери буйрукта көрсөтүлгөн эмес.
Эске салсак, Кермалиев бул кызматка дайындалганга чейин эле Балыкчы шаарындагы пляжга грек мифологиясынын кудайларынын айкелдерин орнотуп, социалдык тармактарда белгилүү болгон.