
Жарыяланган
2026-26-11, 17:15Мэрия Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылып, бирок аны төлөбөй жаткан 29 курулуш компаниясынын аттарын жарыялады.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, жанагы 29 компанияга жалпы 603 протокол түзүлгөн. Жалпы 12.4 млн сомдон ашык айып салынган.
Мэрия аларды салынган айыппулдарды бир жума ичинде төлөөгө чакырып, болбосо мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн, анын ичинде компаниялардын курулуш иштери убактылуу токтотулушу мүмкүн экенин эскертти.






