Akchabarsearch
Улуттук банк кайсы банктын кардарлары шылуундарга көбүрөөк туш болорун коомчулукка ачык жарыя кыла албайт

Жарыяланган

2026-26-11, 14:34

Улуттук банк кайсы банктын кардарлары шылуундарга көбүрөөк туш болорун коомчулукка ачык жарыя кыла албайт

Улуттук банк кайсы банктын кардарлары шылуундарга көбүрөөк туш болорун коомчулукка ачык жарыя кыла албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-ноябрданы жыйынында айтылды. 

Жыйында депутат Таалабек Сарыбашов Улуттук банктын өкүлдөрүнөн көбүнчө кайсы банктын кардарлары шылуунчулукка туш болорун сурады.

Улуттук банктын өкүлү аларда аталган маселе боюнча анализи бар экенин айтып, бирок андай банктардын атын коомчулукка жарыя кылса, ал банктардын репутациясына доо кетип, акча салган жарандар акчаларын чыгарып кетиши мүмкүн экенин билдирди. 

Ошондуктан ал банктардын тизмесин депутаттын өзүнө кат жүзүндө жөнөтө аларын айтты. 


Тектеш материалды окуу