
Жарыяланган
2026-26-11, 17:582026-жылдын январь-октябрь айларында өлкө бюджетине кумарканалардан 548.9 млн сом салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Бул акчанын көбү же 522.7 млн сому казинолордон түшкөн.
Дагы 17.4 млн сомдон ашык акчаны оюн автоматтары, 5 млн сомду букмекердик жайлар менен тотализаторлор жана 3.8 млн сомду электрондук (онлайн) кумарканалар төлөгөн.
Былтыр он айда өлкөдөгү кумарканалар бюджетти 383.4 млн сомго толтурган.



