Akchabarsearch
Мигранттар акча которбосо, Кыргызстандын облусттарынын биринде жакырчылык 65%дан ашмак
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-03-09, 16:54

Мигранттар акча которбосо, Кыргызстандын облусттарынын биринде жакырчылык 65%дан ашмак

Кыргызстандын экономикасы азыркыга чейин эмгек миграциясынан түшкөн кирешелерге таянууда. 2024-жылдагы маалыматтарга ылайык, эмгекке байланыштуу кирешелердин 23%ы өлкөнүн сыртынан келген. Анын негизги булагы болуп Россия эсептелет.

Жарым жыл ичинде мигранттар Кыргызстанга жалпы 1 млрд 662.3 млн доллар которушкан. Анын ичинен 1 млрд 552.9 млн доллары – же болбосо 93.4%ы – Россиядан келген.

Улуттук статистика комитетинин изилдөөсүнө ылайык, мигранттардын каражаттарына эң көп көз карандуулук түштүк облустарда байкалат: Баткен облусу – эмгек кирешесинин 42.6%ы чет өлкөдөн келет, Ош облусу – 37.7%, Жалал-Абад облусу – 36.8%, Ысык-Көл облусу – 17.5%, Ош шаары – 21.7%.

Эң төмөнкү көрсөткүчтөр, Бишкек шаарында жана Нарын облусунда – болгону 1.8%.

Эгер мигранттардын которууларын эске албасак, өлкөдөгү жалпы жакырчылык деңгээли 2024-жылдагы 25.7%дан 37.3%га жетмек.

Облустар боюнча өзгөрүүлөр мындай болмок:

•    Ош облусу – 19,8%дан 43,9%га;
•    Баткен облусу – 65,5%га;
•    Жалал-Абад облусу – 46,5%га;
•    Ысык-Көл облусу – 37,6%га;
•    Чүй облусу – 28,3%га;
•    Ош шаары – 16,5%га өсмөк.

Ошону менен бирге, которууларга көз карандылык өзгөчө жакырчылыкты баалоодо байкалат. Мигранттардын кирешеси болбосо, анын деңгээли 2.7% дан 16.4% га чейин көтөрүлмөк.

 


Тектеш материалды окуу