
Жарыяланган
2026-29-04, 18:02Кыргызстанга иштегени келген эмгек мигранттарды медициналык текшерүүдөн өтүүгө жана өтүп турууга милдеттендирүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Дастан Жумабеков иштеп чыгып, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Сунушка ылайык, өлкөгө келген мигрант жумушка кирерден мурда жана кийин уруксат документтерин узартуу үчүн башка адамдар үчүн коркунучтуу оорусу жок экенин ырастоо үчүн медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Алар кайсы оорулардан текшерилиши керектигин жана тартибин өкмөт аныктайт. Текшерүү каттоодон өткөн медициналык мекемелерде гана жүргүзүлөт.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанга иштегени келген чет элдиктердин саны жылдан жылга өсүүдө:
• 2022-жылга 16.6 миңдей квота каралса, 11.2 миңге жакын чет элдик жумушка уруксат алган;
• 2023-жыл үчүн 16.6 миңге жакын квота каралып, 12.1 миңден ашык чет өлкөлүк ишке орношкон.
• 2024-жылга 23 миңдей квота бөлүнүп, 18 миңдей чет элдик жумушка уруксат алган.



