Akchabarsearch
    Мыйзам долбоору: Таштандыны туш келди ыргыткандар 100 миң сомго чейин айып төлөйт

    Жарыяланган

    2025-05-08, 14:32

    Мыйзам долбоору: Таштандыны туш келди ыргыткандар 100 миң сомго чейин айып төлөйт

    Кыргызстанда таштандыларды белгиленбеген жерге ыргыткандар үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коомдук талкууга чыгарды. 

    Сунушка ылайык, таштандыны туш келди ыргытып, үйүп койгон жарандар азыр 5.5 миң сом айып төлөсө, аны 50 миң сом кылуу сунушталууда. Ал эми юридикалык жактар үчүн айып 100 миң сом болот. Учурда ишкана-компаниялар үчүн 17 миң сом жаза каралган. 

    Аны менен бирге мыйзам долбоорунда өндүрүштөн чыккан таштандыны, медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштаган (же үйүп койгондор) юридикалык жактарды 100 миң сом (азыр 23 миң сом), жарандарды 50 миң сом (азыр 7.5 миң сом) айып төлөтүү пландалууда. 

    Ошондой эле таштандыны, куураган чөп-жалбырактарды өрттөгөн адамдарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып салуу пландалууда. Азыр айып 7.5 миң (жарандар үчүн) жана 23 миң сомду түзөт (юридикалык жактар үчүн). 


    Тектеш материалды окуу