Жарыяланган
2025-05-08, 13:392025-жылдын 5-августунан 7-сентябрга чейин Bakai Bank’тын туунду компаниясы Бакай Иншуренс «ОСАГОну таризде – май куюнун пайдалуу жолун танда!» аттуу акция өткөрүп жатат.
BakAi мобилдик тиркемеси аркылуу же Бакай Иншуренс кеңселеринде ОСАГО полисин каттаткан бардык кардарлар баалуу автосыйлыктар ойнотулчу лотереяга автоматтык түрдө катышуучу болушат.
Байге фонду: 5 000 литр АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май, 5 видеожазуучу жабдык жана башкы байге — терезе караңгылоого расмий уруксаты менен кошо авто-детейлинг кызматынын толук топтому!
Ар жума сайын:
• 100 литр АИ-95 бензин — 10 жеңүүчү
• Видеожазуучу жабдык — 1 жеңүүчү
• Башкы супербайге — авто-детейлинг топтому: жылмалоо, керамика, расмий уруксаты менен терезе караңгылатуу.
Жеңүүчүлөр жуманын аягында көз карандысыз рандомайзер аркылуу кокустук тартибинде аныкталат, жыйынтыктар Instagram’дагы @insurance_bakai расмий баракчасына жарыяланат.
BakAi тиркемеси аркылуу ОСАГО полисин тариздеп, 30% кешбэкти нак акча менен алыңыз!
Биз камсыздандырууну ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылууга аракет кылабыз. Ал эми биз сунуш кылган бонустар жөн гана белек эмес, санариптик кызматтарды тандаган кардарларды сыйлоо жолу.
Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.