Akchabarsearch
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 7.6 млн сомдук товар чек арадан өткөрүлгөн жок

Жарыяланган

2026-02-04, 13:04

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 7.6 млн сомдук товар чек арадан өткөрүлгөн жок

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек»  көзөмөл-өткөрмө бекетинде мыйзамсыз ташылып келе жаткан товарды өлкөгө алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Салык кызматынын маалыматы боюнча, аталган товарлардын ичинде дары-дармектер, медициналык буюмдар жана ар кандай азык-түлүктөр болгон. Алардын тиешелүү коштомо кагаздары болбогону үчүн чек арадан өткөрүлгөн эмес. 

Товарлардын жалпы баасы 7.6 млн сомдон ашат. 
 


Тектеш материалды окуу