Akchabarsearch
Мугалимдердин арасындагы сынактын баш байге ээсине бир бөлмөлүү батир берилди

Жарыяланган

2026-05-10, 14:07

Мугалимдердин арасындагы сынактын баш байге ээсине бир бөлмөлүү батир берилди

Бишкек шаарында Мугалимдер күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада өлкөдөгү мугалимдердин арасындагы сынактын баш байге ээсине бир бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, президенттин атынан мугалимдерди куттуктаган. 

«Мугалим кесиби – мамлекеттин, коомдун жана келечек муундардын алдындагы эң жооптуу кесиптердин бири. Улуу чех ойчулу жана педагог Коменский: «Күн алдында мугалимден бийик турган эч нерсе жок», – деп таасын айтылган. Ошондой эле бүгүн мугалимдик кесипке өзүн арнаган педагогдор – биздин келечекти көп жагынан аныктаган адамдар. Ошондуктан мугалимге болгон урмат-сыйды биз өлкөбүздүн келечегине болгон урмат катары кабыл алышыбыз керек!», - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Андан кийин 2026-жылы өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болгон. Сынак 22 номинация боюнча өткөрүлгөн.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 19 жеңүүчү аныкталган. Алардын ичинен баш байгени уткан Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы мектептин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Меруэт Бакировага Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылган. Калган 18 жеңүүчүгө 500 миң сомдон берилген. 


Тектеш материалды окуу