
Жарыяланган
2025-24-11, 18:06Нарын шаарына 11 автобус жана 12 атайын техника тапшырылды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Бул унааларды алууга президенттин Турукташтыруу фондунан 230 млн сом берилген.
Атайын техникалардын ичинде жүк ташуучу, таштанды чыгаруучу, жүк жүктөөчү жана экскаватор өңдүү унаалар бар.
Ал эми автобустар – 30 орундуу. Учурда алардын бажы документтери бүткөрүлүүдө. Жакынкы күндөрү автобустар каттамга чыгат.
Алдыда шаарга дагы 11 атайын техника келет.




